Бишкек-Ош жолундагы Өтмөк ашуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 4-март күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун Өтмөк ашуусуна жетпей бурулган жерде болгон. Анда Scania жүк ташуучу унаа менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт адам тең кырсык болгон жерден көз жумган. Алардын арасында 11 жаштагы бала болгондугу айтылат маалыматта.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.