Бүгүн, 13-июнда парламентте Баткен облусунун административдик-аймактык бөлүнүшү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирди:
"Ата Журт" фракциясынан Курмантай Абдиев менен Улукбек Кочкоров;
КСДП фракциясынан Жусупали Исаев менен Карамат Орозова;
"Ар-намыс" фракциясынан Бактыгул Маматов менен Абдырахман Маматалиев;
"Республика" фракциясынан Назарали Арипов менен Абдыжапар Бекматов;
"Ата Мекен" фракциясынан Өмүрбек Текебаев менен Ташполот Балтабаев кирди.
Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар Баткен облусун жоюп, Ош облусуна кошуу сунушун айтып чыгышкан. Алар муну аймактагы чек ара көйгөйүн чечүү менен байланыштырышкан.