Кыргыз жерине 2 тоннага жакын лимонду мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

Кыргыз жерине 2 тоннага жакын лимонду мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 1-мартта ЕАЭБдин аймагында товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Анын алкагында Баткен-Ош унаа жолунда бара жаткан Мерседес-Бенц 408 үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Натыйжада ал унаадагы 1 миң 900 килограмм лимон Тажикстандан Кыргыз жергесине мыйзамсыз алып келгени белгилүү болгон.

Ошондой эле басма сөз кызматынан бул иш Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын да кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Taalaibek92929
2018-03-05 10:44:03
Андай алып киргендер миндеген товарлар буюмдар кирет ко, просто бул иттерге доля берген эмес окшойтта. Калп эле кармадык деп коёт. Акча берип аткандарды корбойт
+4
Gulipa
2018-03-05 10:46:45
Ушул боюнча кетсенер жакшы,анан эртен эле дыйканчылык бышканда озбекстандан фуралап помидор,бадыран ташыганда корбой каласынар бизди дыйкандарды куйдуруп.1-сомдон помидор,50-тыйындан бадыранды оптом берип,ыйлап кала беребиз
+2
Real_mir
2018-03-05 11:04:28
эмне учун чек арадан кармаган эмес жолдон кармаган?чек арадан берчусун берип отконбу?....
+2
daniel87
2018-03-05 11:22:17
Проста рейдке учурап калган
+1
beka1207
2018-03-05 12:02:53
50-100тонналап ташыгандар ото берет,эки тонна менен бир байкушту кармашты да
0
tilek121277
2018-03-05 22:00:58
майда нерсени коюп чоон нерселерди кармабайбы
0
RusMos76
2018-03-06 04:11:46
Самолет менен келген жук эмне болду экен 39адамдын омурун алган дайынсыз болуп кетти го чиркин,дагы бир бечараныкын кармашты да, кана баарына бирдей болсонор!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан