Өлкөдө ишкер жаранды барымтага алуу жолу менен андан акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында талап кылынган каражаттын бир бөлүгү - 30 миң долларды алып жаткан топтун жигердүү мүчөсү С.С. кармалган. Ал менен катар уурдоонун буюртмачысы С.С. жана уюштуруучусу И.М. экени аныкталып кармалды.
Такталган маалыматтар боюнча, адам уурдоону буюртма кылган адам ишкердин мурдагы шериги, ал эми уюштуруучу буга чейин соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгону такталды. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (Адам уурдо) жана 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө камагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.