Чүй облусундагы Токмок шаарында турак жайдан чыккан өрттөн 38 жаштагы адам ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт Токмок шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен чыккан. Анда турак жайдын 2 бөлмөсү өрттөнүп, 38 жаштагы Т.А. аттуу адам түтүнгө ууланып, ооруканага түшкөн.
Ошондой эле басма сөз кызматынан өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам чыкканын кабарлашты.