2012-жылы өлкөдө 18,7 миллиард сом камсыздандыруу төлөмү чогултулган

2012-жылы өлкөдө 18,7 миллиард 793,3 миллион сом камсыздандыруу төлөмү чогултулган. Социалдык фонд билдиргендей, 2011-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төлөмүн чогултуу 116 пайызга же 2 миллиард 584,3 миллион сомго өскөн. Республикалык бюджеттен төлөнүүчү аскер кызматкерлерине пенсиялык төлөмдөр, жеңилдетилген пенсиялар, пенсияларга кошумча акча кошуу жана электр энергиясына компенсациялык төлөмдөр үчүн бөлүнгөн каражаттар 10 миллиард 652,3 миллион сомду түзгөн. Социалдык фонддун өлкөдөгү коммерциялык банктарда, мамлекеттик казына векселдеринде депозит эсебине акчалай каражаттарды түшүрүүдөн жана башка булактарга түшкөн кирешенин суммасы 256,3 миллион сомду түзгөн. Ал эми аталган жана башка кирешелердин 2012-жылдагы жалпы суммасы 30 миллиард 46,3 миллион сомго жеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан