АКШ тарап Кыргызстандагы КС-135 учагы кулаган жерди тазалайт

АКШ өкмөтү КС-135 учагы кулаган жерди тазалайт. Бул тууралуу “Манас” транзиттик жүк ташуучу борборунун кол башчысы болуп жаңы дайындалган полковник Жон Миллард бүгүн, 13-июнда маалымдады. Айтымында, АКШ өкмөтү авиакырсыктын себептерин аныктоо боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен тыгыз байланышта иштеп жатат. “КС-135 учагы кулаган жерди тазалоого ниеттенип жатабыз, анткени айлана-чөйрөнү коргоо биздин приоритет болуп саналат”,- деди ал. Аскердик базаны өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн компетенцияларында турарын кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан