Таластык дыйкандарга 155 миллион 867 миң сомдук жеңилдетилген насыя берилген
Талас облусунда
13-июнга карата 919 дыйкан-фермерге жалпы суммасы 155 миллион 867 миң сомдук
үстөгү 10 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилди. Берилген
насыялардын 14 миллион 355 миң сому талаачылыкты, 141 миллион 512 миң сому мал
чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган. Жеңилдетилген насыяларды берүү бир нече банктын облустагы филиалдары тарабынан ишке
ашырылып жатат. Аталган насыяларды алууга облус боюнча жалпысынан 1894 дыйкан-фермерлер
арыз жазган. Ал эми өкмөт тарабынан Таласка бөлүнгөн насыялардын жылдык
каржылоо суммасы 280 миллион 692 миң сомду түзөт.