"Ош базарындагы" өрт кайрадан мурда өрттөнгөн бөлүгүнөн чыкты (фото)

Бишкек шаарындагы "Ош базарындагы" өрт мурда өрттөнгөн "Сейтек" базарынан чыккан. Базардын өрт чыккан бөлүгүн милиция кызматкерлери курчоого алып, элди тилсиз жоо каптаган жерден алыстатып жатат. Бирок товары өрттөнүп жатканына чыдай албаган соодагерлер курчоодон өтүүгө аракет кылышууда. Курчоодон өтүүгө аракет кылган адамдарга тартип сакчылар өрт чыккан жерде газ баллондор бар экенин, жарылып кетүүсү мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Өрттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өчүрүүгө аракет кылып жатышканы менен улам күчөп жатат.

Ал эми өрт жалмап жаткан базарда соода кылган Мадина Тагаеванын айтуусуна караганда, кимдир бирөөлөр атайылап өрттөшү да мүмкүн.

"Менин соода ордум бут кийимдер сатылган катарда болчу. Азыр көрсөм бүт күйүп кетиптир. Өрт өзү эле чыккан жок, бир эле жерден кайра-кайра өрт чыкканынын өзү кызык. Менин оюмча, кимдир бирөөлөр атайылап өрттөп жатат. Мурда күйбөй калган бөлүгүн бүгүн өрттөп кетишти", - дейт Тагаев.

Соодагерлердин бири бул жерде килем жана таттуу саткан орундары болгонун айтат.

"Өрттөнүп жатат деп укканда эле саат 21:30 чамасында базарга келдик. Мурда ушул эле бөлүктүн Бейшеналиева көчөсүнө жакын жагы өрттөнгөн. Бүгүн калган бөлүгү өрттөнүп жатат. Албетте, таң калычтуу", - деди ал.

Ош базарда кайрадан өрт чыкты
Ош базарда кайрадан өрт чыкты 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kanzada97
2018-03-05 22:39:10
Кудай сактасын эмне болуп баратат!
+7
Arti
2018-03-05 22:41:51
Угушума караганда бул базардын оордуна жаны имарат тушот имиш. Бироолор атайлап орт койуп жатышыптыр деп жатат. Кудайдын каргышы урсун ким болсо да. Эгер ошондой болсо.
+20
Zainidin96
2018-03-05 22:50:35
Кудай сактааа кантип эле мурунку жеринен чыгат бироолор атайылап ьорттоп жатса керек ким болсо да кармалып жазасын алсын
+15
Dilzat1631
2018-03-05 22:57:02
Kudai saktasyn,emne degen zaman bolup jatat?
+4
make2
2018-03-05 22:57:54
Акырындап орттоп ош базарын ордуна супермаркет салалбай жатышат
+10
Jeka1996vip
2018-03-05 23:11:26
Орт базар
-4
zhaku2017
2018-03-06 00:01:18
Jeka1996vip,
Туура. Орт базар болуп калды.
+3
maimylcha
2018-03-05 23:23:44
Кудайым ушундай тилсиз жоодон сактасын.
+7
aslan_akjol89
2018-03-05 23:45:33
Откондогу орттон зыян тарткан электр откоргучторунун айынан болушу да мумкун,короткий замыкание болгондо откоргучтун(провод) изоляциясында деффект пайда болгон бир болсо.Ошондон улам келип чыгышы да толук мумкун.
0
NURTILEK_KG
2018-03-05 23:50:16
Жакшы карагылачы чондор селерден суранабыз. Канчалаган адамдар кыйналып жатат.бул нерсени башынарга тушсо сезсенер керек.точно эле атайлап куйгузуп жатат 100%.бул нерсени ким кылганын таап чыгышынарга козум жетпей жатат.
+7
Travmatolog
2018-03-06 00:59:29
Кайра кайра Бир жер куйо берип ортда акылдууго. Адамдарды ойлобойт экенда Оз кызыкчылыгы учун адамдар любой нерсеге барат экенда
+5
Totyua.71.
2018-03-06 03:28:13
Кайра кайра өрт!Себеби эмнеде?Даяр жооптор кайталанат..электричество
+3
aza84
2018-03-06 11:19:41
Бул жерде бир чондун кызыкчылыгы бар окшойт к. Жолдошбаевге окшогон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан