Ыргал Кадыралиева: "22 жашка чыга элек кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо пункту, токтомго киргизилген эмес"

Чет өлкөгө 22 жашка чыга элек кыздарды чыгарбоо - ЖКда кабыл алынган токтомдун акыркы вариантына киргизилген эмес. Бул тууралуу 13-июнда депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Айтымында, өкмөт мигранттардын маселелерин чечүү боюнча стратегия иштеп чыгат. “Мурун мигранттардын маселесин өзүм көтөрүп келсем, азыр ал тапшырма өкмөткө жүктөлдү. Эми өкмөт тийиштүү стратегияны иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Биз 12-июнда кабыл алган токтомдо 22 жашка чейинки кыздар чет мамлекетке чыга албастыгы тууралуу пункт жок. Болгону стратегияны иштеп чыгууда өкмөт ушул маселени да эске алат”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан