13-июнда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Польшанын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмундагы элчиси Павел Войциховский менен жолугушту. Анда Оторбаев өкмөт ишке ашырып жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, Кыргызстан июнь айынын аягында Варшавада өтө турган Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун конференциясына жигердүү даярданып жатканын айтты. Өз кезегинде Павел Войцеховский Кыргызстанга жакында боло турган конференциянын маселелерин талкуулоо үчүн келгенин билдирди. Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесине токтолгон Павел Войцеховский изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аналитикалык иштерден тышкары долбоор өкмөткө инвестицияларды тартуунун жакшыртууга багытталган реформаларды турмушка ашыруу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгарын айтты.