Баткенде кыргыз жарандары менен өзбек чек арачыларынын ортосунда 12-июнда жаңжал чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, окуя Таян айылында болуп өттү. Айылдын 3-4 тургуну Баткен шаарынан өздөрүнүн айылына баруу үчүн Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтмөкчү болушкан. “Сох” анкалавынын көзөмөл-өткөрүү пунктундагы чек арачылар аларды өткөрбөй, “силер мас абалда экенсиңер” деген доо менен бир топ убакыт кармап турушат. Андан кийин анклавдан чыгып бара жатып чек арачылар менен чырдаша кетишет. Таян айылынан 30-40 жаран чогулат. Катыке деген участокто мал кайтарып жүргөн 12-13 жаштардагы 3 кыргыз өспүрүмдү өзбек чек арачылары “чек арадан мыйзамсыз өттүңөр” деп кармап алышып, аларды кемсинтишкен.
Кырдаалды көзөмөлдөп турган “Чарбак” чек ара пунктунун капитаны Ф.Жумабаев кошуна өлкөнүн “Хушьяр” чек ара пунктунун капитаны Ж.Санакуловго эки тараптын чек ара кызматкерлеринин жолугушуусун сунуштап, саат 20:00дө “Таян” айылында жолугушуу өткөрүштү. Алар жергиликтүү калктын талаптарын, доолорун угушту. Бүгүн, 13-июнда эртең менен чек ара кызматкерлеринин жолугушуусу өттү.
"Мындан ары талаш тилкелерде эч кандай тосуулар болбосун, жарандар эки тарапка тоскоолдуксуз өтө алышары макулдашылды. Өзбек тарап кызматтык териштирүү жүргүзүп, айтылган дооматтарга орун берилген далилдер тактала турган болсо, тийиштүү чаралар көрүлөрүн, күнөөлүүлөр жазаланарын убадалашты. Бул жолугушуудан кийин чогулган эки тараптын жергиликтүү калкы тарап кетишти, кырдаал азыр тынч жана туруктуу",- деп билдирет Чек ара кызматы.