ЖЫЛНААМА, 6-МАРТ: 1990-жылдардын жылдызы Татьяна Буланова 49 жашка чыкты

1990-жылдардын жылдызы Татьяна Буланова бүгүн, 6-мартта 49 жашка чыкты. Атактуу ырчы 1969-жылы Ленинградда жарык дүйнөгө келген. Кичинекей Татьянанын ырчылыкка болгон шыгы мектепте окуп жүргөн кезинде эле байкалган.

Болочок жылдыз 9 жашка келгенде фортепианодо, андан кийин гитарада ойноону үйрөнгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, Ленинград институтунун китепкана бөлүмүнө тапшырган. Бирок студент аталган окуу жайда 3 гана жыл окуган. Тактап айтканда, китепканачы боло албасын сезген ал окуу-жайдан документтерин алып, 1989-жылы Петербургдагы мектеп-студиянын вокал бөлүмүнө тапшырып өтүп кетет.

Бирок ырчы бул жерде да көпкө кармалган эмес. Ушул эле жылы "Летний сад" тобунун жетекчиси Николай Тагрин менен таанышып калат. Көктөн издегени жерден табылган Буланова аны менен бирге ырдоону чечип, экөө чогуу иштеше башташат. Ырчынын алгачкы ыры ушул топто жүргөндө жазылып, Орусияны кыдырып гастролго чыгууга аттанган ырчы мектеп-студиядагы окуусун биротоло таштайт.

1990-жылдары "Летний сад" тобу бир гана Орусияга эмес, СССРдин курамына кирген өлкөлөрдө да популярдуулукка жетишет. Топтун алгачкы хит ырларынын бири "Не плачь". Топ аталган ыр менен эл аралык бир топ сынактардын жеңүүчүсү болууга да жетишкен. Андан кийин жазылган "Старшая сестра", "Странная встреча", "Измена" деген ырлары менен СССР аймагында кассеталары көп сатылган топтордун катарын толуктаган.

1996-жылы Татьяна Буланова "Летний сад" тобунан кеткен. Андан кийин эле аз убакыттын ичинде "Моё русское сердце" альбомун жарыкка чыгарган. Бул альбом менен катар "Бандитский Петербург" жана "Улицы разбитых фонарей" сериалдарына жазылган ырлары да болуп көрбөгөндөй хит чыгармалардын катарын толуктаган. Талыкпаган эмгегинин натыйжасында ырчы 2003-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алууга жетишкен.

"Летний сад" тобу менен иштешип жаткан учурда топтун жетекчиси Николай Тагринге турмушка чыккан. Эки талант 1993-жылы уулдуу болуп, атын Александр коюшкан. Ырчы айым белгилүү музыкант менен 13 жыл бирге түтүн булаткандан кийин ажырашып кеткен.

Ырчы 2-жолу 2005-жылы футболчу Владислав Радимовго турмушка чыгып, 1 уулдуу болгон. Бирок аны менен да 11 жыл бирге жашаган соң 2016-жылы декабрда ажырашып кеткен.

6-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul94
2018-03-06 22:34:43
Таня эже туулган кунунуз кут болсун. сиздин ырларынызды аябай угуп чонойдук эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан