Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовду кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык мамилелердин кеңири алкагы талкууланып, тараптар бардык көрүлүп жаткан тармактарда коңшулук мамилелерди жакшыртуу чараларына канааттангандыктарын билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тезинен аяктоо зарылчылыгы баса белгиленди. Тараптар парламенттер аралык мамилелерге, тагыраак айтканда, кызматташтык боюнча достук топторунун жолугушуусу тездеп, алакалардын артып бара жатканын баса белгилешти.