Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында таксист "жүргүнчүсүнө ыплас аракеттерди жасаган" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Чикаго шаарынын Ривер Норт районунун Уэст Онтарио Стрит көчөсүндө болгон. Анда 27 жаштагы Мурасбек Э. аттуу такси кызматында иштеген адам 24 жаштагы жүргүнчү кызды белгисиз тарапка алып барып, андан интим кызматын көрсөтүүнү талап кылып, ыплас аракеттерди жасаган. Кийин ал сексуалдык зомбулукка жана адам уурдоого айыпталып кармалган.
Ошондой эле айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында ал адамдын Кыргыз жараны экени да айтылууда.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда, тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлашты.