Улуу Британия Максим Бакиевди Кыргызстанга берүү маселесин карай элек. Мындай маалыматты 13-июнда Бишкекте Улуу Британиянын элчилигинин имаратынын ачылышы учурунда аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Саида Варси билдирди. Ал Бакиевди экстрадициялоо боюнча кыргыз-британ өлкөлөрүнүн ортосунда келишим жоктугун айтты. Ал айрым чечилбей турган маселелер кыргыз-британ өлкөлөрүнүн өнүгүп бара жаткан кызматташтыгына тоскоолдук жаратпашы керектигин белгиледи.