Алмазбек Атамбаев түштүк кореялык болот эритүүчү "POSCO" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасын кабыл алды

13-июнда президент Алмазбек Атамбаев түштүк кореялык болот эритүүчү "POSCO" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чунг Жунг Янг баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган компаниянын инвестицияларын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы темир эритүүчү заводунун курулуш долбооруна ферросиликоалюминий өндүрүү боюнча тартуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы "POSCO" компаниясы чоң потенциалга ээ жана Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду жылдыруунун локомотиви болуп чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи. “Бул долбоор 2007-жылы, мен премьер-министр кезимде башталган, ал эми 2011-жылы завод курулуучу жерге капсула коюлган. Мен заводдун иштеп кетишине кызыкдармын, завод Таш-Көмүр шаарында жаңыча жашоого түрткү бере алат”,- деди президент.  

 

Өз кезегинде Чунг Жунг Янг заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 70 000 тонна даяр өндүрүм экендигин жана келечекте анын көлөмүн 200 000 тоннага көбөйтүү болжолдонуп жаткандыгын маалымдады. Жолугушууга катышкан "Казакстандын минералдык чийки заттарды комплекстүү кайра иштетүү боюнча улуттук борбор" деп аталган ишканасынын жетекчиси Абдурасул Жарменов заводдун биринчи мешин иштетүү ушул жылдын акырына болжолдонгонун белгилеп, жумуш менен эң аз дегенде 60 киши камсыз болорун кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан