Депутаттар айыл чарбасына максатсыз насыя алынып жатканын айтышты. "Кофе ичүү үчүн насыя алып жатабызбы?"

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарбасын колдоого багытталган долбоорго насыя алуу боюнча келишимдин долбоору каралды. Анда бир канча депутаттар долбоорго карата нааразычылыгын билдирди.

Депутаттар каражаттын жумшалышынын багыттары боюнча суроо койгондон кийин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев мыйзам долбоорун кароону башка күнгө калтырууну суранды. Бирок депутаттар ага макул болгон жок.

Депутат Зиядин Жамалдинов долбоорго бериле турган насыя “Арис” аркылуу алына турганын айтып, өкмөттүк эмес уюмдар каражаттын көбүн жеке кызыкчылыктарына калчап жатканын айтты.

Насыя алганда “Арис” аркылуу алып жатабыз. Алар өздөрүнө тренинг, окутуу, консультация жана башка шылтоолор менен чоң акчаларды алып калып жатат. Ошондуктан биз ортомчу, ушундай уюмдары жок эле министрликтерди насыяны түз ала турган кылышыбыз керек. Эртең “Арис” жоюлуп кетсе, бул каражаттар боюнча жоопкерчиликти эч ким албай калат. “Арис” - бул өкмөттүк уюм эмес”, - деди Жамалдинов.

Депутат Дастан Бекешев насыя максатсыз алынып жатканын белгиледи.

“Биз кофе ичүү үчүн насыя алып жатабызбы? Кыска максаттуу насыя алып жатабыз. Мен мындай насыяны колдобоого чакырат элем”, - деди Бекешев.

Ага чейин депутаттар 25,4 миллион доллар насыянын 7 миллион доллары консультация жана долбоорлорду даярдоого жумшала турганын айтып тынчсызданган болчу.

Насыя 40 жылдык мөөнөткө 0,75 жылдык пайыз менен алынууда. Анын жеңилдетилген мөөнөтү 10 жыл. Ал эми насыянын көлөмү 25,4 миллион долларды түзөт. Анын 12,7 миллиону грант түрүндө берилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан