Ирактын абагында жаткан Кыргыз жарандары боюнча Тышкы иштер министрлиги жооп берди

Кыргыз өлкөсүнүн үч жараны 10 баласы менен Ирактагы камакта соттун чечимин күтүп жатканы тууралуу расмий маалымат жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз жарандарынан бул маселе боюнча эч кандай кайрылуу түшкөн эмес. "Кыргыз мамлекетинин Кувейттеги элчилигинде Ирак мамлекетинин аймагын караган бөлүм бар. Алар Кыргыз жарандарына байланыштуу бардык маселелерди көзөмөлдөп турушат", - деди Кулукеева.

Мурдараак орус басылмалары Ирак абагында 100дөн ашык аялдар балдары менен кармалып турганын жазып чыгышкан.

Ал маалыматта Орусия Федерациясынын Кеңеши жана Чечен өлкөсүнүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү өкүлүнүн билдиргенине ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары анын ичинде 100дөн ашуун орусиялык айымдар балдары менен жана 3 кыргыз айымы 10 баласы менен Ирактын түрмөсүндө соттун чечимин күтүп жатышканы айтылган. Ирак бийлиги аларды террорчулукка жана өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп күнөөлөп, камакка алганы маалымдалган. Кармалган аялдар Иракка "Ислам мамлекети" террордук топунун мүчөсү болгон күйөөлөрү тарабынан алынып барылганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан