Кыргыз жерине дүйнө жүзүндөгү мыкты иллюзионисттер келишти

Дүйнө жүзүндөгү мыкты иллюзионисттер Кыргыз өлкөсүнө чогулушту. Алар борбор калаанын тургундарына шоу көрсөтө турганын айтып, маалымат жыйын өткөрүштү. Келген коноктордун ар бири өнөрүнүн четин көрсөтүп, ойго келбеген фокустарды жасап, таң калтырууга үлгүрүштү.

Долбоордун уюштуруучусу, иллюзионист Өмүрбек Молдокматов бул жолугушууга 2 жылдан бери даярданып келе жатканын айтты.

"Дүйнө жүзүндөгү 9 өлкөдөн мыкты иллюзионист досторум келди. Кытай, Малайзия, Казакстан, Түштүк Африка Республикасы, Орусия жана Кореядан келген иллюзионисттер - эл аралык бир нече сынактардын жеңүүчүлөрү. Бул майрамды уюштуруу үчүн аракет кылып жүргөнүмө 2 жыл болду. Ошондон бери интернет, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүп келди", - дейт Молдокматов.

Ошондой эле сыйкыр дүйнөсүнүн өкүлдөрү Кыргыз өлкөсүндө болгон жолугушуунун максатын достук биримдигин далилдөө деп белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
NURTILEK_KG
2018-03-07 13:56:09
Ммм...
0
roland
2018-03-07 14:00:54
Этият болгула
0
Azatbek83
2018-03-07 14:05:11
Америкалык Девид.Копперфильд.Британиялык Стивен.Фрейн(Динамо). Америкалык Девид.Блэйн.булар келишпептирби?!
0
Aziret97
2018-03-07 14:16:26
Өмүрбек Молдокматовдун жанында олтургандын башы билинбей калыптырго))
0
nurbekasr
2018-03-07 15:43:12
Aziret97,ал кара маскасы
менен олтурат.
0
aselka79
2018-03-07 15:53:56
Кайсыл жерде болот болду экен? Качан? Анан дагы бир суроо, бул темага байланышы жок. 5мартта, ак калпак майрамында, бешбармак менен чучук жасалдыбы? Эч жактан информация корбодум. Кызык болду эле, Гиннеске дагы киргизет делгенинен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан