Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ишимбай Чунуевге "кызматтан кеттиң" деди

Өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуевге (сүрөттөгү) кызматтан бошотулганын айтты. Өкмөт башчы Ишимбай Чунуевдин “Кум-Бел” кенине кандай тиешеси бар экендигине кызыкты. Өз кезегинде Чунуев 2011-жылга чейин жубайы аталган кендин негиздөөчүсү болгонун айтты. “Сиздин жубайыңыз негиздөөчүсү экенин билип туруп эч нерсе кылган жоксуз. Сиз кызматтан бошотулдуңуз. Бул кызматта мындан ары иштебейсиз. Менде сизге болгон ишенич жоголду. Биз тиешелүү токтомду даярдайбыз”,- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан