13-июнда өкмөттүн отурумунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуевди тоо-кен өндүрүү тармагындагы абал тууралуу доклад берип жаткан маалда кызматтан бошотту. "Сиз кызматтан бошотулдуңуз. Бул кызматта мындан ары иштебейсиз. Менде сизге болгон ишенич жоголду. Биз тиешелүү токтомду даярдайбыз",- деди. 14-июнда өкмөт башчы Чунуевдин кызматтан бошотулушу тууралуу жарлыкка кол койду. Маалым болгондой, Чунуевдин ордуна убактылуу Акылбек Маратбаев дайындалды. Эске салсак, Маратбаев буга чейин Ишимбай Чунуевдин орун басары болуп иштеп келген.