7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Бишкектин четиндеги 5 гектар жер курчалып, белгисиз курулуш башталып кеткенин айтты.
"Мен өкмөттүн өкүлүнө кайрылат элем. Бишкектеги Манас көчөсүнүн өйдө жагында резиденцияга кетип баратканда сол тарапта чоң участок Акаевдин, Бакиевдин убагынан бери кармалып келе жаткан. Тилекке каршы, мен эртең менен келе жатсам 5 гектар жер жабылып, ошол жерде курулуш башталыптыр. Бул өкмөттүк жол. Ошондуктан өкмөттүн өкүлүнөн депутат катары сурайм. Ошол жерди ким берди, кайсыл фирмага, эмне себептен берди, бюджетке канча акча түшкөнү боюнча маалымат бергиле.
Мен бул курулуштун токтотулушун талап кылам! Зарыл болсо депутаттык комиссия түзүп, ошол жердин келечегин изилдеп чыгышыбыз керек. Биз жер жок деп жатабыз. Ал жерден керек болсо элчиликтерге орун берели, президенттин өзүнүн отурган жери жок, ошол жактан жер берели. Ал жерге үй салып, базар наркында бюджетке тиешелүү акча болсо мен макулмун. Бул жерди парламент көзөмөлгө алалы", - деди Тиллаев.
Ал эми анын фракциялашы Мирлан Жээнчороев аталган участок убагында Ак Үйдү көчүрүүгө каралган тилке экенин айтты.
"Ошол айтылып жаткан жер, өз убагында резиденцияны, Ак Үйдү көчүрүп жаңы сала турган жер деп белгиленген болчу. Эмне себептен ал жерлер бүгүн талап-тонолуп жатат? Ушул жерлер боюнча малыматтарды мага да жибериңиздер", - деп Жээнчороев өкмөткө кайрылды.
Депутат Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") бул жер боюнча 14-март күнү боло турган Жогорку Кеңештин жыйынында күн тартибине киргизип, маалымат угууну сунуштады. Төрага Дастан Жумабеков депутаттын сунушу эске алынарын билдирди.