АФК Кубогу: Оштун "Алай" командасы түркмөнстандык "Алтын-Асырга" ири эсепте жеңилип калды

Бүгүн, 7-мартта АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу түркмөнстандык "Алтын-Асыр" менен беттешип жеңилүү ызасын тартты.

Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо орун алган беттеш 3:6 эсебинде түркмөнстандык клубдун жеңиши менен аяктады. Эсеп санын 11-мүнөттө "Алтын-Асырдын" жарым коргоочусу Мурат Якшиев ачты. Анын оң канаттан узаткан соккусун "Алайдын" дарбазачысы Абдуазиз Махкамов тосо алган жок. 19-мүнөттө Алтынмурат Аннадурдыев эсепти 0:2ге айлантты, талаанын орто бөлүгүнөн узатылган сокку дарбазанын ылдыйкы оң бурчуна багытталып, гол кирди. Бул голдорго "Алай" командасы 39-мүнөттө Ильяз Алимовдун голу менен жооп бере алды. Арадан 1 мүнөт өтпөй "Алтын-Асыр" кайрадан голдордун айырмачылыгын 2 голго айлантты. Алтынмурат Аннадурдыев экинчи голун киргизип, эсепти 1:3 кылды. Муну менен биринчи тайм аяктап, футболчулар тыныгууга кетишти.

2-таймдын алгачкы мүнөтүндө "Алайдын" оюнчусу Кожо Жоэлдин Максатбек Алимовдон пас алып, алыскы ылдыйкы бурчка узаткан соккусу таамай болуп, эсеп саны 2:3 болду. 51-мүнөттө Мурат Якшиев ылдыйкы оң бурчка таамай сокку багыттап, эсепти 2:4 кылды. 57-мүнөттө Максатбек Алимов кайрадан эсептин айырмачылыгын 1 голго жакындатты. Эсеп 3:4.

"Алайдын" футболчулары эсепти тең кылганга аракет жасаганы менен "Алтын-Асырдын" коргонусунан өтө албай, 84 жана 88-мүнөттөрдө Алтынмурат Аннадурдыевден жана Бегмурат Баевден гол өткөрүп, 3:6 эсебинде жеңилип калды.

13-мартта Оштун "Алай" командасы конокто түркмөнстандык "Ахал" футболдук клубу менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ulan2601
2018-03-07 17:08:54
Кыргыз футболун корсон нерв болосун!!!
+2
nurgaz
2018-03-07 17:19:14
Ажап болуптур
+4
muzibrat93
2018-03-07 17:26:13
Уят кылышат да ойнобой эле койгулачы Туркмен Таджик клубун уталбаган сон топ лига бири бирине эле кыйын
+4
nukura_jigit
2018-03-07 17:49:43
3000 адамдын барганын актабады
+3
Piligrim
2018-03-07 18:26:24
Алай уялдыда эми, конокторду сыйлап коюшту :) кийинкисинде утушат.
-7
sirgak_92
2018-03-07 19:35:57
Алай менен Дордой только бири бирине анан ФК кара балта алга нефтчиге эле кыйын
+2
murat17
2018-03-07 20:05:46
Блин утулганы жаман болду
-2
a.sheralievic.91
2018-03-08 00:18:01
Эмне учун дордойдун оюнун ктре корсотуп алайды корсотпойт
+1
arstanbap02
2018-03-08 11:00:24
Бул командаларда трансферди зынк кылса болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан