Вице-спикер Асия Сасыкбаева Улуу Британиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басарын кабыл алды
13-июнда вице-спикер Асия
Сасыкбаева 13-июнда Улуу Британиянын Тышкы иштер министринин биринчи орун
басары баронесса Саида Варси менен жолукту. ЖКнын басма сөз кызматы
билдиргендей, Асия Сасыкбаева Улуу Британиянын кыргыз тарапка көрсөтүп келаткан
колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелеринин
тереңдешинин жана кеңейишинин маанисин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө
тараптар ар кыл чөйрөдөгү кыргыз-британ мамилелеринин актуалдуу маселелерин
жана ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу келечегинин механизмдерин
талкуулашты. Белгилей кетсек, Улуу Британия ТИМ башчысынын биринчи орун басары Бишкекте
расмий иш сапары менен жүрөт. Бул Саида Варсинин 2012-жылдын мартында
Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилигинин ачылышынан бери Кыргызстанга болгон
биринчи иш сапары.