Акыркы учурда тасма талаасынан алыстап кеткен 70 жаштагы америкалык актёр
Арнольд Шварценеггер жакында тартылуучу "Терминатор" фильминин 6-бөлүгүндө роль жарата турганын айтып, күйөрмандарын кубантты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен тартуу иштерин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Съёмка жай мезгилинин алгачкы күндөрүндө башталып, октябрдын ортосунда соңуна чыгат. Фильмдин сюжети азырынча сыр", - деген актёр.
Маалыматка ылайык, "Терминатор" тасмасынын алтынчы бөлүгү ушул жылдын март айында башталмак, бирок белгисиз себептерден улам жай айларынын башына жылдырылган. Тасманын режиссёру Тим Миллер, продюсери Жеймс Кэмерон. Жогоруда аталган тасманын 1-2-бөлүктөрү 1984-1991-жылдары тартылып, дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй популярдуу болгон.