Быйыл “Кумтөр” ишканасы Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев - Тоң унаа жолун оңдоп берет. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда пресс-тур учурунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, “Кумтөр” ишканасы 3 чакырым жолду жайдын акыркы айларына чейин оңдоп бүтөт. Ар бир чакырымды оңдоого 1 миллион доллар каражат сарпталат. Ошондой эле 144 чакырым болгон Балыкчы-Барскоон жолун 5-6 жылдын ичинде оңдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.