Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өтөт

20-30-ноябрь аралыгында 2012-жыл - Үй бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата Бишкек шаарында жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери чагылдырылган Республикалык сүрөт көргөзмөсү өтөт. Иш-чаранын максаты - сүрөтчүлүк өнөр аркылуу үй-бүлөнүн кадыр-баркын көтөрүү, үй-бүлөлүк байланыш менен каада-салтты даңктоо, балдарды тарбиялоодо ата-энелерге жардамдашуу. Көргөзмө баш калаадагы Семён Чуйков атындагы "Арт-борбордо" орун алып, анда живопись, скульптура, графика жана заманбап концептуалдык искусство тармагындагы эмгектер коюлат. Кыргызстан жаш сүрөтчүлөр союзу мындай отчёттук көргөзмөнү 2002-жылдан бери уюштуруп келет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан