Кыргызстанда ЖОЖду бүткөндөрдүн 30 пайызы гана иш менен камсыз болот

Парламенттеги КСДП фракциясынын 14-июндагы отурумунда билим берүү жана илим министри Канат Садыков "өлкөдө жогорку окуу жайын аяктагандардын 30 пайызы гана иш менен камсыздалат" деп билдирди. Министрдин айтымында, учурда өлкөдө 230 миң студент болсо, алардын ар бир үчүнчүсү гана өзүнө иш таба алат. "Өлкөдөгү ЖОЖдор берген дипломдорду КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 5 мамлекет тааныйт. Башка өлкөлөрдө мамлекеттик ЖОЖдордун дипломдору гана жарактуу, калгандары боюнча бизде көйгөйлөр бар",- деди министр. Ал ошондой эле өлкөдө орто кесиптик жана техникалык билим берүүнү өнүктүрүүнү баса белгиледи.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан