Актриса Назира Мамбетова: "Министр үйүм жок деп даттана бербеңиз деди"

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетовага Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов "үйүм жок деп даттана бербеңиз" деп айтканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, эл, көрүүчүлөр, 70 жашка чыккыча батирде жашайсыз деп, мендеги үй маселесин айтып чыгышкан. Ошол сөздөр министрге катуу тийген окшойт. Мен жумуштарым менен министрликке барсам, жолугуп "үйүм жок деп даттана бербеңиз" деди. Мен 70 жашка чыкканга чейин бул боюнча эч жерге даттанган эмесмин. Даттанып жашаганды жаман көрөм. Сиздин атыңызды эч жерде атаган эмесмин. Сиз жумушка жаңы келдиңиз, сизде акча жок, үй да жок дедим", - дейт актриса.

Бул боюнча аталган министрликтин басма сөз кызматы төмөндөгүдөй жооп берди.

"Министр азыр эч кимге үй бербейбиз деп айта элек. Маданият тармагында эмгектенгендер үчүн үй салуу демилгеси көтөрүлүп, учурда ал үйдүн капсуласы салынган боюнча турат. Кимге үй берилет аны комиссия карап чыгат. Бирок Назира Мамбетова үй алчулардын алдыңкы катарында. Анын маданиятка кошкон салымын эске алуу менен министр өзү көзөмөлгө алган", - деди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, актриса Оштогу театрда 22 жыл иштеп, борборго 1994-жылы көчүп келген. Ошондон ушул күнгө чейин уул-келини, неберелери менен бирөөнүн үйүндө убактылуу жашап келерин айткан. Ушул жылдын 15-февралында депутат Ирина Карамушкина актрисага батир берүү сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан.

Барак тибиндеги батирде жашаган актриса Назира Мамбетова: "Үйлүү болсом кубанам"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Aleesia
2018-03-09 18:13:11
Уулу бар экенго ошол уулу деле иштеп бир уй алса болмок да апасынын арты менен уйлуу болушту кутпой.Албетте мен бул апабызды сыйлайм ден - соолук,узун омур каалайм !!!
+10
jasgul
2018-03-09 18:31:01
Aleesia,убагында уй да берилген экен. Адеп адеп эле сатып ийсе бере бермек беле. Анын устуно азыркы жашап жаткан уйу да ошол уйун сатып алган уй экен эле. Талантын сыйлайбыз го, бирок маданият тармагында жаш балдары менен жатакананын болмосундо тыгылып жашап, арызданбаган артисттер толтура..
+5
Nanei
2018-03-09 18:14:23
Миллиондогон долларларды ап этип сугунуп койбосо чондор,ар бир жаран уйлуу болмок белек
+7
rejepova
2018-03-09 18:14:35
Балдарга жолок пулду ушу жерге кыпчып кетейин. Талкуу жабык экен. Бир жылдан бери чече алышпай жатат бербей эле койгулачы, балдар ырыскысы мн чонойоор… Кайдан уй бермек эленер, наристелерге 700 сом болуп бере албагандан кийин…
+16
Mamiev
2018-03-09 19:46:21
rejepova,Туура айтасыз.Алар берген 700 сом менен байып кетпесек керек.Мен дагы оз оюмду жазайын десем талкуу жабык экен.Эгерде бир нерсени сатуу же болбосо карыз алуу болгондо депутаттар колдоп чыкмак эртенкиге калтырбай бутуролу саталы алалы деп.Акмактар силер случайно эле депутат болуп калгансынар билим дегели бийик улутчул эл учун куйгон депутаттар саналуу гана.
+10
altun89
2018-03-09 20:07:41
Mamiev,туура айтасынар кыпчый кетели жети огуздо чогулуштан элдин оозун ачырды чондор уйундо 1чычкак улагын барболсода жолок пул берилбейт анткени улак минсомдон ашып кетет киреше булагынар жетиштуу дейт акмактар
+6
Matahara1980
2018-03-09 22:26:33
Mamiev, 700 abdan aazgo bir baiagy aga emne kelet, jok degende 100 dollars kylyp koushpaptyr
jarybagyrlar
0
Kicha
2018-03-09 18:30:07
Админ менин блогуму ачып койгула
-1
nurhan2702
2018-03-09 19:31:26
Ошол даттанбаныз деген министр уйсуз калса экен, анан корот элек
0
Mamiev
2018-03-09 19:41:14
Оз акчанарга уй алып бергенсип жазыпсынар да.Бул эженин эмгеги синип ошол уйго татыктуу болбодубу.Берсин,ансыз деле бир уйдун акчасын эмес он уйдун аксын сол чонтокко салгандар толтура.Жардамга муктаждарды колдогондун ордуна басынтасынар.Бир уйчолук эмгек кылбагандар алып баатыр эмгек синирип койгондор канча.Ичи тарлыктын дагы чеги болот да.
+7
TazaKyrgyz
2018-03-09 19:43:55
Комментарилерди окуп отуруп аябай тан калдым. Жок нерсени талашып...Заманга жараша элдин да пейили бузулганбы же элдин пейилине жараша заманбы???Же бул жакты ичи тар,коро албаган адамдар коп окушабы?
+4
Batma08
2018-03-09 20:13:42
Ичинер куйуп кеттабы уйду силерден сурагандай. Алса алыптырда ансыз деле миллиондогон акчалар жоголуп жататко.
+5
bond02
2018-03-09 20:22:19
уйдон мурун бул эженин чалы болгон бекен?
-3
zhykyo
2018-03-09 21:05:40
bond02,Чалына эмне болуптур
-1
Matahara1980
2018-03-09 22:22:41
Eshteke emes dagy bir jolu ui alsa, emgegi bar eken, ichinerdi ancha taarytpagyla tuugandar, i tak ele eldin akchasyn jep atyshatgo apyldatyp 120 koiunar, akyrdan jem jegensip bashtaryn kotorboi
+1
urmat94
2018-03-10 08:23:23
Кайсы жерде Ош шаарынан убагында окмоттон уй берилген экен деп жазылып турат айтып койгулачы берилген экен деп жазгандар мен таппай эле койдум го
0
BubleGum
2018-03-10 10:42:31
urmat94, видеодо озу айтыптыр
0
urmat94
2018-03-10 20:14:33
BubleGum,аа рахмат менде видеосун ачпай атты эле
0
Rasul94
2018-03-10 11:41:39
Эми менин тамым жок мага там бергиле дегендер кобойбосо болду.
0
kaniulia
2018-03-10 14:41:29
Окмоттун жумушта коптон бери иштейм мага там берсе болот эле )))
+2
sabyr86
2018-03-11 08:24:14
Убагында берилиптир уй болот да кайра кайра эле бере бериш керекпи?
0
dinara7684
2018-03-13 08:02:44
Кайра суйлогон созун кара канча уй алышы керек экен.Карапайым адамдар окмот бербей эле оздору аракет кылып кош коштоп уй алып атышат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан