Кечээ, 15-февралда депутат Ирина Карамушкина актриса Назира Мамбетовага батир берүү сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан. Маалыматты угуп, үйлүү болуп калсам кана деп сүйүнүп жаткан актриса буларга токтолду:
"Мен Ошто 22 жыл иштегем. Ал жакта 2 бөлмөлүү үйүм бар болчу. Аны 1500 долларга сатып, чыгармачылыгымды өстүрүү максатында 1994-жылы борборго көчүп келгем. 1500 долларга Бишкектен үй келбейт экен, акчамды бирөөгө үстөк пайызы менен берип койгом. Ал кайрып бере албай, мени үйүнө жашатып койгон, 24 жылдан бери ошол жакта турам. Бирок үйдүн ээси каза болуп калды. Үй азыр кызына катталуу, ал Орусияда жашайт. Келип "чык" десе көчөдө калам. Анын үстүнө бул үйдө жалгыз эмес, уулум жана 2 неберем менен чогуу турабыз. Кызым өз үй-бүлөсү өзүнчө жашайт. Депутаттын мага үй берүү тууралуу айтып чыкканына рахмат, өз үйүм болсо кана".
Айта кетсек, Назира Мамбетова 1948-жылы 2-декабрда Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Тамга айылында туулган. 1978-жылы Кыргыз СССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.
Тартылган тасмалары:
"Мен Тянь-Шань" фильми – Кадича;
"Ак кеме" – Бекей;
"Кара кыз" – Мактым;
"Дилетант" – тарбиячы;
"Эрте жаздагы турналар" – Жыпар;
"Курманжан датка"- Курманжан датка жана башкалар.