Өмүрбек Текебаев: "Баткен облусунун башчысына министрлик деңгээлдеги статус бериш керек"
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын 14-июндагы жыйынында Баткен облусунун жетекчисине министрлик деңгээлдеги статус берүү сунушу айтылды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн облустагы өкүлүнө ушундай статус берилсе, аймактагы социалдык экономикалык маселелерди чечүү ага жеңил болот деп эсептейт."Баткен облусун жоюп Ошко кошобуз деген депутаттар "адам жок - көйгөй да жок" деген же Баткен облусу жок - көйгөй жок деген принципке таянышууда",- деди депутат. Бул демилгени депутат Ташполот Балтабаев да колдой турганын билдирди. Анын айтымында, кеп Баткен облусун жоюуда эмес, өкмөттүн начар иштеп жаткандыгында болуп жатат. "Ыкчам аракет көрүү үчүн Баткен облусунун башчысына кошумча мүмкүнчүлүктөрдү бериш керек",- деди Балтабаев.