Бир тонна беш бармак жана 100 метрлик чучук жасала турган иш-чара эртең, 11-мартта өтө турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди.
Маалыматка караганда, бул иш-чара улуттук тамак-ашыбызды даңазалоо жана чет элдиктерге таанытуу максатында уюштурулуп жатат.
"Иш-чараны эртең саат 10:00дө баштайбыз деп турабыз. Аянтка мыйзам талаптарына байланыштуу өткөрө албай калган соң, "Аю Гранд Комфорт" соода борборунда өткөрө турган болдук. Бул иш-чараны чагылдырып берүү үчүн 100гө чукул журналист каттоодон өтүштү, арасында Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын ММК өкүлдөрүнөн да бар. Бул демилгени "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмеси көтөрүп чыкты, союшка, унга жана башкага кетчү чыгымдарды көптөгөн ишканалар, ассоциациялар көтөрүп жатат. Бул иш-чара концерттик программа жана жарманке менен коштолуп, улуттук кийимдерибиз, тамак-ашыбыз келгендерге көрсөтүлөт. Негизги максат - бул улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен беш бармакты "Гиннесстин рекорддор китебинин" тизмесине киргизүү болуп саналат. Бышырылган тамак кайрымдуулукка да жумшалат жана келген ар бир элге ооз тийгизилет", - дейт Кулуева.