Канаттууларга уя жасап, белекке ээ болуңуз

Бишкекте канаттууларга уя жасоо боюнча сынак старт алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынан бүгүн, 10-мартта маалымдашты.

"1-апрелге чейин боло турган сынакка шаар тургундары катыша алат. Каалоочулар жыгач уяларды Бишкек шаарынын Ташкент көчөсүндөгү №17-дарегине алып келүүсү керек. Алардын эмгегин социалдык баракчаларга жарыялап, элдин добушуна коёбуз. Эмгеги мыкты деп аныкталган 5 катышуучуга баалуу белектер тапшырылат. Ал эми башка катышуучуларга да белектерибиз каралган. Ар бир катышуучунун колунан жасалган уялар калаадагы парктарга орнотулат", - деп билдиришти.

Иш-чара 1-апрель - Канаттуулардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
R_u_S
2018-03-10 17:00:14
Ошто дагы ушундай болсо кана
+2
shankol88
2018-03-10 17:44:59
Үйүнүн ичине килем салып телевизор койуп койгула...файфай да койуп бергиле чымчыктар биир жыргасын...
+7
rustamov.com
2018-03-10 20:11:44
Өзүмө үй жок болтат аларга кайакта
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан