"Спэйс-Экс" жана "Тесла" компанияларынын ээси, ишкер Илон Маск өзүнүн жаңы долбоору - айдоочусуз жер алдында жүрүүчү электробустун видеосун интернет баракчасына жүктөдү.
Жаңы коомдук транспорт каражаты жер алдындагы тоннелдер аркылуу жүрүп, ылдамдыгы саатына 240 чакырым аралыкка чейин жетет. Илон Масктын айтымында, бул электробустар жер үстүнөн жер алдына лифт аркылуу кирип, автоматтык түрдө ишке кирет. Унаанын эч кандай айдоочусу жок, бардыгы электрлештирилген жана бул коомдук транспорттун метродон айырмаланган жери - миңдеген чакан станциялардан турат, көп аймакты ээлебейт.
Бул иш менен "The Boring Company" компаниясы да алектенип жатат. Бул компания 2018-жылдын февраль айында Вашингтон шаарында жердин алдын казуу иштерин баштоого уруксат алган. Ал эми 2017-жылдын орто ченинде Нью-Йорк-Вашингтон каттамынын курулушун баштоого уруксат алган.