Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында бүгүн, 11-мартта кайрадан кар көчкү түштү. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, көлөмү 3000 метр куб болгон кар көчкү саат 16:10дор чамасында, бүгүн саат 11:00дөргө жакын кар көчкүсү жүргөн жерде кайталанган.
"Тиешелүү кызматтар менен жаңы гана жолду тазалап бүтүп, ачканда кайрадан кар көчкү жүрдү. Буга байланыштуу унаа жолу убактылуу жабылып, тазалоо иштери улантылып жатат. Жеринде ДЭП-23 ишканасынын жумушчулары, Токтогул райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы иш алып барып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, көчкүдөн жабыркагандар жок.