ЖКда мамлекеттик имараттарды жеке менчикке ижарага берүүгө багытталган мыйзам долбоору өтпөй калды

Бүгүн ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитети мамлекеттик имараттарды мектепке чейинки билим берүү максатында жеке жактарга берүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдогон жок. Аталган мыйзам долбоорун Билим берүү жана илим министри Канат Садыков сунуштаган. Депутат Каныбек Осмоналиев мындай мыйзам мурунку өкмөттүн тушунда да көтөрүлгөнүн, мунун артында кызыкдар адамдар турганы үчүн кайрадан бул мыйзам көтөрүлүп жатышы мүмкүн деген оюн айтты. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү колдоого алышкан жок.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан