"Түштүк Кореяда окуп, иштеп, жашап жүргөн мекендештердин контейнер аркылуу Кыргыз өлкөсүнө жөнөткөн жүктөрү орто жолдон уурдалып, жетчү жерге жетпей калды" деген билдирүүнү окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.
"Уурулар 40 адамдын (мигранттын) буюмун уурдап кетишкен. Алар тер төгүп, бири жер алам, бири үй салам, бири бала багам, бири оорусунан айыгам деп жөнөтүшкөн да! Мен мисалы, оорулуу бир адамга жардам берүү үчүн косметика сатып, акча топтоп жаткам. Бизге жеткен маалыматтар боюнча жүктөр кыргыз-казак чек арасынан жоголгон. Мекендештердин мээнетин ким жеп жатат? Мен бул жолкусунда Кореядагы Кыргыз жерине жүк жеткирүү боюнча иш алып барган кыргыздар аркылуу жөнөткөм. Буга чейин да жүктөр орто жолдон көп жоголчу. Түштүк Кореяда каттарды, жүктөрдү жеткирүү кызматы ыкчам иштейт. Жоголуп кеткен жүк болбойт. Кыргыз өкмөтү бажы кызматчыларын текшерип, көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Себептерин, кимдин шалаакылыгы менен коробкалар ачылып, жоголуп жатканын текшерүүгө алышса дейм", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.