Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар бөлүмү саат 9:00дөн өтсө да бейтаптарды көрүүнү баштай элек. Бул тууралуу окурман бүгүн, 12-мартта "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирди.
Окурмандын айтымында, кезек күткөндөр өтө көп. Дайыма ушундай абал катталгандыктан тургундар эрте келип, кезекке турушат. Бирок ооруп жаткан балдар менен көпкө күтүү баарына түйшүк жаратат.
"20дан ашык балдар ооруп келген, кыйналып жатышат. Аларды көрүүгө кабыл алуу башталбай жатты, кийин дарыгерлер чогулуш болгонун айтышты. Чогулушту бейтаптарды кабыл алуу убактысында өткөрүү туурабы? Айта кетүүчү жагдай - тууган, тааныштарын кезексиз чакырып алып көргөндөр кыжырга тиет. Абалды жөнгө салууну тиешелүү тараптардан суранабыз", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Бул кабарга удаа эле дагы бир маалымат келип түштү. Анда да окурман Жалал-Абад облустук ооруканасындагы абалга нааразы экенин билдирген.
"Бардык бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акча төлөөгө бир эле касса иштейт. Анда бир эле киши отурат. Кезектин узундугунан коридорго адам батпай, бейтапкананын ичине кире албай калышты. Бул ооруп келгендер үчүн өтө ыңгайсыз", - деп тургун билдирген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.