Иса Өмүркулов: “Бишкекке жаңы алынып келген троллейбустарды текшерүүчү эксперттик топ түзүлөт"

“Бишкекке жаңы алынып келген троллейбустарды текшерүүчү эксперттик топ түзүлөт”,- деди бүгүн, 14-июнда мэр Иса Өмүркулов Бишкек троллейбустук башкармалыгында болгон текшерүү учурунда. Айтымында, Иса Өмүркулов учурунда өзү да инженер болуп иштеген. “Мен эксперт эмесмин, бирок жаңы тетиктерден куралган троллейбустар экенине өз көзүм менен күбө болдум. Эксперттик топ троллейбустардын абалын текшерип чыккан соң ким күнөөлүү болсо ошол жооп бериши керек. Эгерде троллейбустар эски экендигин айтып чыккан шаардык депутаттарда күнөө болсо, сот аркылуу мыйзам чегинде чара көрүлөт”,- деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан