Бишкекте жаш кызды "Жылаңач түшкөн сүрөт-видеоңду элге таратам" деп коркутуп, акча талап кылууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан бүгүн, 12-мартта билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучуга СМС аркылуу "Сенин фото менен видеоңду жайылтып салам, 2 миң доллар бер", - деп билдирүү жөнөткөн. Аталган иш боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.
Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери Нарын облусунун 18 жаштагы Ж.у.К аттуу жаранын жабырлануучу тарабынан 600 доллар жана 1800 сом алып жаткан учурунда кармаган.
"Милиция кылмышка шектүүнү кармоо үчүн акчаны атайын көзөмөл астында жөнөткөн. Кармалган жаран менен биргеликте бул ишке тиешеси бар делип дагы 2 жаран кармалды", - деп жазылат маалыматта.