Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгында болду. Ал жерден Европа өнүктүрүү банкынан алынган насыянын эсебинен алынып келинген троллейбустардын абалы менен таанышты. Жаңы троллейбустардын тетиктерин карап чыккан соң анын ичин текшерүү болду. Жыйынтыгында мэр Иса Өмүркулов троллейбустарды текшерүүчү эксперттик топ түзүлөрүн билдирди. Эске сала кетсек, Бишкекке аталган банк бөлүп берген 15 миллион доллар каражаттын эсебинен 51 троллейбус алынып келинген. Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары: "Бишкекке жаңы деп алынып келинген троллейбустар эски экен. Капиталдык оңдоодон өткөн коомдук унааларды жаңы деп алып алышты" деп айтып чыгышкан. Бүгүнкү текшерүү ошол маалыматтын негизинде жүргүзүлдү.