"Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептердин мугалимдеринин айлык акысынан гезитке деп акча кармап калат", - деп окурман бүгүн, 12-мартта WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" билдирди.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, мугалимдерге айлык которуларда эле 200 сомдон гезитке деп алып калышат.
"Ноокат таңы" жана "Билим жарчысы" деген гезиттерге акча алып калат. Ошондо бир жылда 1 мугалимден 2000 сом кармалат, бул мугалимдер үчүн чоң эле зыян. Ал гезиттерди алгандан кийин эч ким окубайт, атайын сатып алгандар дээрлик жок", - деп жазат ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.