Анжелика Бекболиеванын күйөөсү менен ажырашуу тууралуу жазган арызы карала турган соттук отурум бир тараптын элдешүүгө мөөнөт сурагандыгына байланыштуу жылдырылды

Ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу тууралуу жазган арызы боюнча боло турган соттук отурум бир тараптын элдешүүгө мөөнөт сурап кайрылганына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"12-мартта Биринчи Май райондук сотунда Анжелика Бекболиеванын арызы каралмак. Бирок эки тараптын бири элдешүүгө мөөнөт сурап жаткандыктан отурум 2-апрелге жылдырылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Бекболиева ажырашуу тууралуу арызын өткөн жылдын декабрь айында жазган. Биринчи соттук отурум 2017-жылдын 20-декабрына белгиленип, ага Урмат Бекболиев келбей койгон. Ошондон бери улам жылдырылып келе жатат.

Айта кетсек, ырчы Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыккан. 10 жылдан ашык убакыт бирге түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан. Жакында эле ырчы SUPER.KG порталына 11 айдан бери жолдошу менен чогуу жашабай калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
rysik79
2018-03-12 19:15:10
Тагдыр буйрук кандай жазылса ошондой болот. Анжелика коюп путин тайкебиз деле ажырашып тынды го. А дейбиз бул дейбиз англисче билбейбиз. Озубуздун омурубузду тилейли урматтуу бир туугандар.. .
+15
RusMos76
2018-03-12 19:21:38
Анжеликаны мен дагы жакшы кором, бирок жарашып алганынар эле жакшы!
+5
ziash85
2018-03-12 19:40:36
Урмат ажырашкысы келбей атат окшойт.
+7
anash
2018-03-12 20:24:24
Anzhelikany Anzhelika kilgan Urmat bai....burok jarawip algila chymchyktynda uyasi buzulbasyn...
+10
Boha1
2018-03-12 20:27:01
Ушу Анжеликанын жанылыктары бутпой койду го
+5
burkut100
2018-03-12 20:31:30
Ажырашуу, тим более эл козундогу адамдардын Ажырашуу алдындагы жашоосу кандай оор. баарынын оозун жап кылып элдешсенер жакшы болот эле. Силерге уй-булолук бакыт каалайм.
+7
burkut100
2018-03-12 20:32:51
Эл бутпой койду демиш болуп, жанылыкка кирип окуп, анан коммент жазбай эле койгулачы сураныч...
+5
jbolotov
2018-03-12 20:47:32
Чындап надоел кылдыго ушул экоосу. Ажырашсанар интернетке чыгарбай эле ажырашып жарашып жатабергиле, ансызда Анжелика дегенде иреенжий баштадык. Учурдан пайдаланып жигиттерге бир кенеш куйоосуно таза болгон кызды алгыла сулуулугуна кызыкбай.
+6
Nuri1988Elim2010
2018-03-12 23:10:23
jbolotov,чон суйлобонуз эркек намыстуу болсо аял аял уятту эле болот,Аял эркек кишинин колокосу дейтго!Таза Кыздар деп суйлогучо озунуздун эже карындашыныз ды ойлонуз,Катуу тийсе кечиресиз
+4
akzuura
2018-03-12 21:13:32
Жылдыра бергиле жылдыра бергиле жок соттуле
+1
burkut100
2018-03-12 21:23:56
Ажырашпайле койгулачы, экоондон тен куноо кетсе керек, бири-биринерди кечиришкиле. Эркек кечиримдуу болуш керек
+4
ashamkan
2018-03-12 21:37:32
Комментарийлерге карап атат окшойт Анжелика эл эмне десе ошо болот деп
+9
aigulu
2018-03-13 04:59:46
Кандайча 11 ай? Июнь айында эле экоо туулган кун, уйлонгонуно 10 жыл деп той откорбоду беле? Ошондон бери 11 ай отуп кеттиби
0
Rasul94
2018-03-13 11:07:53
сериал Санта Барбара
+2
tima1211
2018-03-13 15:08:23
Rasul94,Санта Барбара, буга чейин бүтөт болчу
0
buiga
2018-03-13 11:28:43
Ушуну чыгарбай эле койгулачы сураныч.
0
Kg-samsung
2018-03-13 14:35:51
Ушу анеликанын жоруктары эч жакпайт да жарашып алып эле интернетке чыкпай эле жатаберчи айланайын. Чыксан деле бирааз мактанганды токтотуп элди алдабай чыкчы кечеле бактылуубуз деп той берипсин корсо анын деле калп экен. Чырларыны гезитке чыгарбайле койчу бул жерде ар кандай пикирлер айтылат оозуна алы жетип суйлогону бар алы жетпей суйлогону бар. Кыскасы чыкпай эле койчу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан