Бишкек шаарында 8 жаштагы кыздын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, секелек кыздын сабалышы боюнча факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен иш козголду. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Айта кетсек, буга чейин окурман тарабынан Бишкек шаарында 8 жаштагы кыз жакындары тарабынан аёосуз сабалганы кабарланган. Учурда ал №3-балдар ооруканасында жакындары жок жалгыз дарыланып жатканын дарыгерлер билдиришкен.