Министрлик: "Мөөнөтүнөн кечиктирип, талапка жооп бербеген "Тез жардам" унааларын алып келген ишканадан 300 миң евро талап кылабыз"

"Кыргыз Республикасына "Dutch Health BV" компаниясы тарабынан өткөн жылдын ноябрь айында алынып келген 15 "Тез жардам" унааларынын экөө өткөрүп алууга даяр. Аларга көп деле кайра жасоо иштери керек эмес", - деп жазылат бүгүн, 13-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирген маалыматында.

Ага ылайык, башка 13 унаа боюнча тиешелүү жумуштар жүргүзүлөт.

"Кыргыз Республикасындагы медициналык тез жардам көрсөтүү кызматын жакшыртуу" долбоорун каржылаган германиялык банктын суранычы жана талабы боюнча эл аралык эксперттер келмейинче алынып келген унаалардын эч бир жери өзгөртүлбөй, кайра жасалбай турду. Эксперттер ушул жуманын аягында келишет. Медицина кызматкерлеринен түзүлгөн комиссиянын бири унаалардагы кемчиликтер жумушка жана бейтаптарга канчалык деңгээлде таасир этерин айтып бериши керек. Ал эми унааларды кайра оңдоо заводунун инженери Кыргыз жериндеги шарттарга ылайыкташтырып, унааларды кайра оңдоп чыгууга мүмкүнбү деген суроолорго жооп берет. Ушул нерселер аткарылгандан кийин гана калган унааларды кабыл алуу же албоо чечилет", - деп маалымдалат аталган мекемеден.

Алдын ала божомолдор боюнча Тойота Хайс үлгүсүндөгү бул унаалардын үстү оңдолбойт. Ал эми унаанын ичиндеги санитардык нормаларга жооп бербеген көрүнүштөр унааны алып келген компаниянын эсебинен жасалат. "Тез жардам" унааларын кечиктирип алып келгендиги үчүн келишим түзүлгөн ишканага айып салынат.

"Бүгүнкү күндө кечиктиргендиги үчүн айыптын суммасы 100 миң еврого жетти. Буга кошумча ал компания сапатсыз товар алып келип бергендиги үчүн да жооп бериши керек. Бул боюнча ишкана министрликке кат жолдоп, унааларды арзандатуу жолу менен жалпы дагы 90 миң евро бере тургандыгын жазган. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын бул сунушуна макул болбой, айыптын суммасын 200 миң еврого жеткирип, ага кошумча унааларды кечиктирип келгендиги үчүн өзүнчө айып төлөтүүнү көздөөдө. Эгер "Тез жардам" унааларын алып келип берүү боюнча келишим түзгөн ишкана буга макул болсо, жалпы айып пулдун суммасы 300 миң еврону түзөт. Бул келишимдеги баанын 30 пайызы. Буга кошумча алар "Тез жардам" унааларын биздин шартта иштей тургандай абалга келтирип берүүнү да колго алышат. Бул жерде биз машиналардын автобазада турганына, аларды кайтарууга акыларды эсептеген жокпуз", - дейт министрликтин маалымат кызматы.

Анда белгиленгендей, келишимди жокко чыгара турган болсо, акчаны кайра кайтарып алып тендер жарыялоо үчүн дагы бир жыл кетет. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги келишим түзүлгөн ишкана жагдайды жөнгө салганга чейин күтө туруу туура деп эсептейт. Ал эми унааларды алып келген ишкана бардык унааларды талапка жооп бергидей кылып жасап берүүнү убадалоодо.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тендер аркылуу алынган 15 "Тез жардам" унаасы талаптарга жооп бербегендиктен кабыл алуудан баш тартып жаткандыгын маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан