"Айылдык китепканага китеп тартуула" аттуу акцияда 16 миңдей китеп чогулду
Бүгүн, 14-июнда Бишкектеги А.Осмонов атындагы улуттук
китепканада “Китепкана - жаш
муунду мекенчилдикке жана руханий жактан калыптандыруучу борбор” аттуу
форум өтүүдө. Жаштарды патриоттуулукка жана жарандык жоопкерчиликке
тарбиялоо максатында өтүп жаткан иш-чара Маданият, маалымат жана туризм
министрлиги менен Улуттук китепкана, парламенттин Билим берүү, илим,
маданият жана спорт боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулду. Маалыматка ылайык, иш-чарада
“Айылдык китепканага китеп тартуула” деген марафондун жыйынтыгы
чыгарылат. Ал эми чогулган 16 миңдей китеп айылдык китепканаларга
таратылат.