"Сулуу болуп төрөлбө" ("Не родись красивой") сериалы аркылуу атактуулукка жеткен Нелли Уварова 1980-жылы 14-мартта Литванын Мажейкяй шаарындагы орус-армян үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Балалыгы жарандык согуш маалына туш келип, үй-бүлөсү менен Москва шаарына көчүп келишкен. Нелли кичине кезинде эле искусство дүйнөсүнө азгырылып, бакчадагы, мектептеги бардык спектаклдерге катыша баштайт. Кийинчерээк мектептин КВН командасына кошулуп, жылдызы жана баштаган. Чыгармачыл чөйрөгө аралашып жүргөн кызын ата-энеси колдоп, айрым сценарийлерди жазып берип турушкан.
Мектепти аяктагандан кийин престиждүү деп саналган ВГИК институтуна тапшырып, белгилүү актёр Георгий Тараторкиндин шакирти болуп калат. Түрдүү спектаклдерде роль жаратуу менен мугалимдердин алкоосуна татып, окуп жүргөндө эле күйөрмандарын топтой баштайт. Мындан улам атагы алыска угулган болочок актрисага Москвадагы беделдүү театрларда иштөөгө сунушутар түшкөн. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланган Нелли Орусиянын жаштар театрында иштөөгө бел байлайт. Театрдагы жарк эткен ролу катары сынчылар "Заманбап коомдо өзүн алып жүрүү эрежелери" ("Правила поведения в современном обществе") спектаклин аташкан. Ушул ролу үчүн "Радуга" эл аралык фестивалында байгеге ээ болгон жана "Алтын беткап" ("Золотая маска") Орусиянын улуттук театралдык наамына көрсөтүлгөн.
Окуу жайды бүткөн соң 1999-жылдан тартып "Бумер", "Атлантида", "Жабык мейкиндик" ("Закрытые пространства"), "Апалар" ("Мамочки") сыяктуу ар кандай тасмаларда роль жарата баштаган.
2005-жылы Нелли "Сулуу болуп төрөлбө" сериалындагы келесоо кыз Катя Пушкарёванын ролун жаратууга чакыруу алат. Аталган тасманы тартуу талаасында Неллинин бир тууганы Елена Уварова костюм боюнча көркөм жетекчи болгон. Учурда бир тууган эжеси "YBAPOBA" кийимдер брендинин дизайнери болуп иштейт.
Актриса 2006-жылы режиссёр Сергей Пикаловго турмушка чыгып, 3 жылдан кийин ажырашып кеткен. Жеке жашоосун сыр сандыкка катып жүргөн Нелли 2011-жылы Ия аттуу кыздуу болот. Ошондо актрисанын жакындары кыздын атасы актёр Александр Гришин экенин коомчулукка маалымдашкан. 2016-жылы таланттардын үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырып, Игнатий аттуу уулду болушкан.
Нелли: "Биздин жашоо ыкчам, так иштерди талап кылат. Үйдө бала багып отуруу сырткы дүйнө менен болгон мамилени үзүп салат. Андыктан кандай кырдаал болбосун өзүм сүйгөн ишти жасоого даярмын", - деп билдирген. Дал ушундай эрежени кармангандыктан төрөгөнүнө 3 апта болгондо театрга кайтып барган.
14-мартка жылнаама.