Кыргызча бизнес: Таштанды чыгаруу кызматынын ачыктыгы же тиричилик таштандылары тармагындагы монополияны кантип кайтарып алса болот?

Учурда борбордо тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн ар бир жашоочудан ай сайын 22 сом 50 тыйындан алынат. Мындай тариф Бишкекте 2015-жылы, "Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы" "Бишкек шаарындагы тиричилик таштандыларын башкаруу системин жакшыртуу" долбоору боюнча 22 миллион евро насыя бергенден 2 жылдан кийин кабыл алынган.

Насыя берүүдөгү шарттар боюнча, мэрия "Тазалык" муниципалдык ишканасынан монополияны алып салуу үчүн жаңы ишканаларды түзүү, жаңы таштанды полигонун салуу жана тарифти көтөрүш керек эле. Тарифти көтөрүү деген талапты шаар бийлиги ийгиликтүү аткара алды. Тарифти кайра карап чыгышып, консультанттардын оң жоопторун алып, кийин бекитип беришти.

"Турмуш тиричилик таштандыларын көмүү" статьясы боюнча 22 сом 50 тыйындын ичинен 4 сом 50 тыйыны (20 пайызы) Бишкек санитардык полигонуна бөлүнүп турган.Тарифтин суммасы - шаардын ар бир жашоочусунан жылына 1,2 метр/куб нормасы боюнча эсептелген. Бул, албетте, төмөндөтүлгөн көлөм - бир жыл ичинде бир киши көлөмү 1,2 метр куб болгон ящикке батчу таштандыдан көп таштанды чыгарат.

Бирок эксперттердин билдирүүсүндө бул сумма жетиштүү деңгээлде иштегенге, ЕБРРга насыяны төлөгөнгө жетиштүү. Тилекке каршы, иш жүзүндө баары мындай эмес - мэрия өзүнүн чарбасын иреттей албай койду же иреттегиси келген жок. Буга чейин аныкталгандай, "Тазалык" ишканасы Бишкек санитардык полигонуна төлөмдүн 20 пайызын эмес, болгону 8 пайызын гана берип турган. Полигонду ушундай аз каражат деле канааттандырып, мэрия менен иштешип келди. Бирок Бишкек санитардык полигонунун бул менен эле иши бүтүп калган жок.

Жеке адам - бул жакшы, "Тазалык" ишканасы таштанды бизнесинде монополист болбошу үчүн ЕБРРдин насыя берүүдөгү шарттары боюнча ага атаандаш ишкана түзүп монополистти ал талаадан алып салуу керек эле. Бишкек санитардык полигонунан тышкары "Тазалыктын" моюнуна дагы бир жеке компанияны илишти.

Баш калаадагы Октябрь районунда тиричилик таштандыларын чыгарууга жарыяланган тендерди "Комтранском" ЖЧКсы утуп алды. Эксперттер көптөгөн тармактарды мамлекеттик-жеке өнөктөштөрдүн колуна өткөрүп берүү керектигине ишенишет. Мамлекеттик менеджерлерге караганда жеке ишканалардын кызматкерлери эффективдүүрөөк иштей тургандыгын таштанды чогулткан жеке ишкана далилдеди.

"Тазалык" "Комтранскомго" абоненттик базаны өткөрүп берери менен анда ага чейин муниципалдык ишкананын кетирген кемчиликтери жоюлду. "Комтранском" өздөрүнүн унааларын GPS-приборлор менен жабдылгандыктан күн сайын анын унаалары бекитилген маршруттар менен аймакты тазалашат.

Абоненттердин арасында таштанды чыгаруу үчүн төлөмдү жөн эле төлөбөй койгондор бар, жыйынтыгында "Тазалыкта" дайыма каражат жетишсиз болуп калат. Жеке компанияда азыр 13 машина жана 80 жумушчу иштейт. Ал эми "Тазалыкта" ушул эле райондо 30 машина жана 300 жумушчу иштеген. Муниципалдык кызматкерлер эски тартип менен иштешет, аларда жумуштун графиги жетекчилердин "башында" сакталат. Ишкананын унаалары кайда бөлүнгөнүн так билишпейт - ким таштанды чыгарат, ким көчө шыпыргычтар менен иштеше турганын өздөрү да билишпейт. Мындай схемада муниципалдык ишкана жөн эле чыгым тартып калышы мүмкүн. Бирок бул мүчүлүштүктөр жана чыгымдар мэриянын бюджетинен жабылып кетет. Эгер жеке компания ушундай башаламан түрдө иштеп, чыгымга учураса бул схемадан чыгып кетмек да. А муниципалдык ишкана антпейт, анткени Бишкек мэриясы андагы кемчиликтердин баарын жаап турат.

Ушул эле тариф менен жеке компания жакшы иш алып барып жатат, ал эми муниципалдык ишкана өзүнүн эффективдүү эмес иш алып баруусунан аксап келет.

Насыяны толук жабуу үчүн мэрия "Тазалык" менен "Бишкек санитардык полигон" ишканаларын бириктирүүнү чечти. Муну менен катар эле "Тазалыкка" таштанды чыгаруу боюнча мурунку артыкчылык укуктарын 100 пайыз кайтарып берди.

2017-жылдын август айында мэрия ЕБРРге кат жолдогон. Анда "Тазалык" насыяга алган акча менен өзүнүн автопаркын жаңылаганын, каржылык-чарба иштери турукташып, ачык иштеп калганын жазган. Ал эми Бишкек санитардык полигону тескерисинче, насыяларды мөөнөтүндө төлөй албай жатышат. Насыя акчаларды өз убагында төлөө үчүн бул эки ишкана биригиш керек. Мындай сураныч кредиттик келишимдин түздөн-түз бузулушуна алып келет - бириктирүү таштанды чыгаруу тармагында "Тазалыкты" монополист кылат. Монополия ишкананын финансы бөлүгүн аралаштырып, таштанды чыгарууга болгон тарифтин ачык эместигине алып келет. Ошол эле убакта "Тазалык" калдыктарды көмүүгө жалпы төлөмдүн 20 пайызын эмес, 8 гана пайызын төлөгөн компанияларга кандай мамиле жасай турганы белгисиз.

Ушунун баарына карабай мэрия долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөтүн өткөрүп жиберген, ЕБРРдин Кыргызстандагы өкүлү муниципалдык бийликтин бардык демилгесин жактырууда.

Эл аралык банк мыкты инвестициялык климаттын түзүлүшүн, экономиканын ачыктыгын жана жеке ишкерчиликтин өнүгүшүн ишке ашыруу максатын көздөйт. Бирок шаар бийлиги тарабынан насыянын келишими бузулганына макул болушу түшүнүксүз бойдон калууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан