Бир адамды толугу менен өзүнө батырып алган күрмөлөр интернетте кызуу талкууланууда. "Victim" брендинин дизайнери Хироки Накамура чоң көлөмдөгү баасы 6 миң доллар турган жынсы күрмөнү жасап чыккан.
Аталган күрмө жынсынын UNWSD түрүнөн тигилип SS18 коллекциясындагы "Social Sculpture" пиджагынын чоң көлөмү болуп саналат. Аталган күрмө XXXXL көлөмүндө 1 гана экземплярда чыгарылган.
Буга чейин 15XL өлчөмүндөгү кара түстөгү кышкы күрмө дагы интернетте кызуу талкууну жараткан.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул күрмөлөрдү көчөдө кийип жүрүү мүмкүн эместигин жана аларга баа өтө кымбат экендигин жазып чыгышса, айрымдары бул күрмөлөр мода дүйнөсүнө кызыккан чыныгы коллекционерлер үчүн тигилген кийим экенин билдиришкен.